"Азамат" базарындагы видеобайкоо бир күндө жол эрежесинин 800 ирет бузулушун каттаган

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВидеобайкоо камералары. Архив
Видеобайкоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Айтмамат Назаров аталган көзөмөл аркылуу 4 миллион сом өндүрүлгөнүн айтып, өлкө боюнча 100 жерге видеокаттоо коюлса 10 эсе көп каражат чогулмак деген пикирде.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Сокулукта жайгашкан унаа базарындагы видеокөзөмөл жаңы орнотулганда бир күндө жол эрежесинин 800 ирет бузулушу катталган. Бул тууралуу эл өкүлү Айтмамат Назаров парламентте билдирди. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ал көрсөткүч азайып, күнүнө 20-25 эреже бузуу катталууда. 

"Азамат" унаа базарында коюлган видео көзөмөлдөн 20 миллион сомдук эреже бузуу болуп, анын 4 миллион сому өндүрүлүптүр. Ошондой видео көзөмөлдөрдү 100 жерге койсок, 4 миллиард сом өндүрмөкпүз. Бул маселени эртелетүү керек", — деди Назаров. 

Ал Кайгуул милиция кызматкерлери мурунку МАИлердей болуп эле жолго жашынып жатат деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0