11:59 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
25 0 0

Демилгеге ылайык, эл өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга алынгандан тарта маяна берүү токтотулат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Депутаттардын камакка же үй камагына алынгандан тарта акы алуусун токтотуу боюнча депутат Аида Салянованын мыйзам долбоору парламентте колдоо тапты. 

Эл өкүлү буга чейинки мыйзамдарда бир катар кемчиликтер болгонун, депутаттарга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга алынганда маяна жана башка кошумча акылар төлөнүп келгенин белгилеген. 

"Мыйзамдагы кемчиликти жоюу үчүн депутат камакка, же үй камагына алынгандан тарта маяна албашы керек. Алар сот аркылуу акталса, камакта отурган убакыттагы акчасы берилет. Ал эми соттолсо акы төлөнбөйт ", — деп түшүндүргөн Салянова. 

Аталган мыйзам долбооруна 73 депутат "макул", 37си "каршы" добуш беришти. 

Эскерте кетсек, мурунку чакырылыштын айрым депутаттарына кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда аларга маяна чыгып турган. Мисалга, Нариман Түлеевге 2,5 жылга созулган тергөө учурунда 1,7 миллион сом маяна чыккан. Ал эми Ахматбек Келдибековго 1,2 жылда 1,1 миллион сом айлык каралган. 

Тема боюнча

Салянова: иш козголгон депутаттар камакка алынгандан тарта маяна албашы керек
Артыкчылыктан баш тарткан депутаттар. Үнөмдөлгөн каражат кайда?
Депутаттар кызматтык батирден чыкпай турган болду
Белгилер:
долбоорлор, акча, камак, мыйзам, депутат

ЭҢ МААНИЛҮҮ