Салянова: иш козголгон депутаттар камакка алынгандан тарта маяна албашы керек

Жазылуу
Аталган мыйзам долбоору Аида Салянова тарабынан иштелип чыгып, парламенттин отурумунда каралды.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Депутаттар камакка же үй камагына алынгандан тарта акы алуусун токтотот. Мындай мыйзам долбоорду эл өкүлү Аида Салянова жазып чыгып, парламенттин отурумунда каралды. 

Демилгечинин айтымында, буга чейинки мыйзамдарда бир катар кемчиликтер болуп келген. Эл өкүлдөрүнө кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга алынганда маяна жана башка кошумча акылар төлөнүп келген. 

"Мыйзамдагы кемчиликти жоюу үчүн депутат камакка, же үй камагына алынгандан тарта маяна албашы керек. Алар сот аркылуу акталса, камакта отурган убакыттагы акчасы берилет. Ал эми соттолсо акы төлөнбөйт ", — деп түшүндүрдү Салянова. 

Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Эскерте кетсек, мурунку чакырылыштын айрым депутаттарына кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда аларга маяна чыгып турган. Мисалга, Нариман Түлеевге 2,5 жылга созулган тергөө учурунда 1,7 миллион сом маяна чыккан. Ал эми Ахматбек Келдибековго болсо 1,2 жылда 1,1 миллион сом айлык каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0