Көл жээгинде курулуш салууга тыюу салынган аралыкты узартуу сунушталды

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүЫсык-Көлдүн жээги. Архив
Ысык-Көлдүн жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Максат Сабировдун айтымында, тыюу салган аралык 100 метрден 300 метрге чейин узартылат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдүн жээгине капиталдык курулуш курууга тыюу салган аралыкты узартуу мыйзам долбоору сунушталды.

Демилгечи депутат Максат Сабировдун айтымында, тыюу салган аралык 100 метрден 300 метрге чейин узартылат. 

"Акыркы жылдары куруучулар тарабынан суу, жер мыйзамдарынын жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын талаптары аткарылбай келет. Көлдүн жээгине курулуш курууга тыюу салган аралыкты узартуу керек", — деди депутат. 

Талкуу жүрүшүндө бир катар эл өкүлдөрү козголгон маселенин туура экенин белгилөө менен бирге көл жээгиндеги капиталдык курулуштарды 300 метрге чейин алыстатуу менен эле Ысык-Көлдүн экологиялык көйгөйлөрү чечилбей турганын белгилешти. 

Алардын пикиринде, адегенде аймактын инфратүзүмдөрүн оӊдоп, заманбап саркынды сууларды тазалоо жайларын куруу, таштандылардан арылуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0