БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түрк элчилигине мекеменин машинасы жол эрежесин бузгандыктан нота жиберди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин ЖМКда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө баратып, жол эрежесин одоно бузган элчиликтин Toyota Land Cruiser Prado 150 үлгүсүндөгү машинасы (D 01022 номер) тартылган видео тараган.
Жиберилген нотада элчиликтин айдоочусу жол эрежесин сактап, аны сыйлоосу керектиги жазылган.