19:16 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Билим берүү министри Элвира Сариева. Архив

Сариева: балдар арасындагы суицид негизинен ата-энелерге байланыштуу болуп жатат

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
604 0 0

Министрликтин берген маалыматына караганда жыл башынан бери өлкөдө өспүрүмдөр арасында 49 суицид катталган. Ал эми 2015-жылы 98 суицид болсо, анын 83ү мектеп окуучулары арасында болгон.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Өз өмүрүнө кол салуу ата-энелери менен пикири келишпеген балдар арасында болуп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министри Элвира Сариева ЖКдагы өкмөттүк саат учурунда билдирди. 

Анын айтымында, өз жанын кыйган балдардын көпчүлүгү — ата-энеси менен урушуп, ич ара араздашкандар. 

"Суицидге Билим берүү министрлигин эле күнөөлөп коюу туура эмес. Изилдөөлөр көбүнчөсү өз жанын кыюу ата-энелери менен тил табыша албаган өспүрүмдөр арасында көбүрөөк байкалып жатканын көрсөттү. Экинчиден, ата-энеси мигрант болуп кетип калгандардын балдары суицидге барып жатат", — деп билдирди Сариева. 

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков Билим берүү министрлиги күнөөнүн бардыгын ата-энелерге оодарып коюусу туура эмес экенин билдирди. 

"Май айынын ичинде эле 10 бала суицид кылат деген эмне? Министрлик бул багытта эч кандай иш алып барган жок. Өткөндө шаар мектептеринин биринде социалдык педагогдун штаты бар, бирок мугалими жок экени аныкталган. Анын айлыгын директору алып жүргөн болсо керек. Министрлик эмне чара көрө алдыңар?" — деди Момбеков. 

Өкмөт мүчөлөрү өз учурунда психологдордун орду маанилүү болуп жатканын айтып, алардын кызматын мектептерде колдонуу үчүн 185 миллион сом керектелерин билдиришти. 

Министрликтин берген маалыматына караганда жыл башынан бери өлкөдө өспүрүмдөр арасында 49 суицид катталган. Ал эми 2015-жылы 98 суицид болсо анын 83ү мектеп окуучулары арасында болгон. 

Тема боюнча

Бешинчи кабаттан секирип кеткен кыз өмүрүнө кол саларын досторуна айткан
Бишкекте 25 жашар жигит өз өмүрүн кыюу үчүн төртүнчү кабаттан секирип кетти
Белгилер:
психолог, ата-эне, суицид, Билим берүү жана илим министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ