Бешинчи кабаттан секирип кеткен кыз өмүрүнө кол саларын досторуна айткан

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан окуучу. Архив
Көчөдө бараткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-класстын окуучусу алган жаракатынан окуя болгон жерден каза болгон.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан 9-класстын окуучу кызы секирип кетип каза болду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү Каракол шаардык милицияга 21-майда саат 7:40тар чамасында келип түшкөн.

Аркан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкада жашаган кыргызстандык келин өз жанын кыйганы айтылууда
Тергөө учурунда аныкталгандай, кыздын апасы жакында эле иштеп келүү үчүн чет жакка кеткен.

Кырсык болордун алдында кыз интернеттеги досторуна өз өмүрүнө кол сала турганын жазган. Бирок алар тамашалап жатат го деп буга эч маани беришкен эмес.

Каза болгон кыз буга чейин учетто турган, аны жакшы жүрүм-туруму үчүн тизмеден жакында эле чыгарышкан.

Учурда аталган окуя боюнча сот-медициналык экспертиза дайындалып, анын чоо-жайы текшерилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0