Ысык-Көлдө "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө 3 миң адам чыкты

© пресс-служба полномочного представительства правительства в Иссык-кульской областиПразднование 71-й годовщины Победы в ВОВ в Иссык-кульской области
Празднование 71-й годовщины Победы в ВОВ в Иссык-кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согушта Ысык-Көлдөн 50 миң адам майданга аттанган. Согуштан кийин 14 миң 500 жаран кайра кайтпай калган.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Каракол шаарында "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө үч миң адам чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. 

Жөө жүрүшкө согуш майданынан үйүнө кайтпай калгандардын тууган-туушкандары алардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. 

© пресс-служба полномочного представительства правительства в Иссык-кульской областиКаракол шаарында "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө үч миң адам чыкты
1/3
Каракол шаарында "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө үч миң адам чыкты
© пресс-служба полномочного представительства правительства в Иссык-кульской областиЖөө жүрүшкө согуш майданынан үйүнө кайтпай калгандардын тууган-туушкандары алардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты
2/3
Жөө жүрүшкө согуш майданынан үйүнө кайтпай калгандардын тууган-туушкандары алардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты
© пресс-служба полномочного представительства правительства в Иссык-кульской областиАл эми митинг-реквием Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюу менен башталган.
3/3
Ал эми митинг-реквием Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюу менен башталган.
1/3
Каракол шаарында "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө үч миң адам чыкты
2/3
Жөө жүрүшкө согуш майданынан үйүнө кайтпай калгандардын тууган-туушкандары алардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты
3/3
Ал эми митинг-реквием Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюу менен башталган.

Ал эми митинг-реквием Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюу менен башталган. 

Облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев өз сөзүндө тынчтыкка жетүү канчалык кымбатка турганын белгилеген. 

"Биздин ардагерлер фашизмди жеңүү үчүн кашык канын аяшкан жок. Бүгүнкү көк асман бардык адамдар үчүн кымбатка турду", — деди Акибаев. 

Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согушта Ысык-Көлдөн эле 50 миң адам кан майданга аттанган. Алардын 45и кыз-келиндер болгон. Согуштан кийин 14 500 жаран өз үйлөрүнө кайткан эмес. 

Өзгөчө эрдик көрсөткөн 14 жаранга Советтер Союзунун баатыры наамы ыйгарылса, дагы үч жаран Даңк орденине ээ болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0