БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Конституциянын 23 жылдыгына карата Бишкекте "Мен конституция менен жашайм" аталышындагы флешмоб өткөрүлөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Акция 30-апрелге белгиленген. Анын негизги максаты — элге алардын эркиндик боюнча укуктары тууралуу гана эмес, милдеттери тууралуу дагы маалымат берүү.
Эки топтун катышуучулары Чүй проспектиси менен эски аянтка чейин жөө басышат. Алар элге Конституцияда жазылган негизги укук, милдеттер тууралуу маалыматтар камтылган календарларды таркатышат.
Андан кийин эки топ "Ала-Тоо" аянтына келип, музыкалык номер аткарышат.
Кыргызстандын Конституциясы эгемендик алгандан бери сегиз жолу өзгөргөн. 2010-жылы апрель окуяларынан кийин өткөн референдум аркылуу 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүгө мораторий киргизүү чечими кабыл алынган. Мораторийди жокко чыгаруу үчүн элдик референдум өткөрүүгө туура келет.