Ошто асман алдында китепкана уюштурулду

© Айша КамиловаОш шаарында ачык асман алдында китепкана уюшулду.
Ош шаарында ачык асман алдында китепкана уюшулду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар жаштарды китеп окууга чакырат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Китеп окуунун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карат Ош шаарында ачык асман алдында китепкана уюшулганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Китепкана Ош шаарындагы "Алымбек Датка" эс алуу багында уюштурулду.

© Айша КамиловаКитеп окуунун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карат Ош шаарында ачык асман алдында китепкана уюшулган.
1/3
Китеп окуунун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карат Ош шаарында ачык асман алдында китепкана уюшулган.
© Айша КамиловаКитепкана Ош шаарындагы "Алымбек Датка" эс алуу багында уюштурулду.
2/3
Китепкана Ош шаарындагы "Алымбек Датка" эс алуу багында уюштурулду.
© Айша КамиловаКоноктор жана шаар турундары китеп көргөзмөсүнө күбө болду.
3/3
Коноктор жана шаар турундары китеп көргөзмөсүнө күбө болду.
1/3
Китеп окуунун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карат Ош шаарында ачык асман алдында китепкана уюшулган.
2/3
Китепкана Ош шаарындагы "Алымбек Датка" эс алуу багында уюштурулду.
3/3
Коноктор жана шаар турундары китеп көргөзмөсүнө күбө болду.

Коноктор жана шаар турундары китеп көргөзмөсүнө күбө болду. Алар өздөрү каалаган китепти алып окууга мүмкүнчүлүк алды. Ошондой эле үйүнөн китеп алып келип калтырса болот.

Ош мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Суербек Амановдун айтымында, биринчи күнү китепканага 400 китеп келип түшкөн.

"Биз жаштардын көп китеп окушун каалайбыз. Паркка эс алганы келгендер китеп окуп убакыт өткөрсө болот. Мунун баары бекер", — дейт Аманов.

Уюштуруучулар жаштарды китеп окууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0