Сузак: жер көчкүдөн жабыркаган аймакка электр энергиясы берилип, 2 үй-бүлө көчүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖалал-Абад облусундагы Сузак районундагы жер көчкү. Архив
Жалал-Абад облусундагы Сузак районундагы жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алчалуу айылынан алыс эмес аймакта жүргөн жер көчкү айыл тургундарын жарыксыз калтырган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Алчалуу айылына электр энергиясы берилип, кооптуу жерде жайгашкан эки үй-бүлө туугандарыныкына убактылуу көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кооптондурган кырсык. Жер көчкү алдында калган мал. Чебелектеген малчы
Белгилей кетсек, 11-апрелде Алчалуу айылынан 100 метр алыстыктагы жайытта жер көчүп, үч электр мамылчасын алып кеткен. Анын кесепетинен 31 кожолук убактылуу электр энергиясыз калган. Ошондой эле 19 түп теректи жана жайытта жайылып жүргөн 5 бодо малды басып калган. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы кооптуу жерде жайгашкан 2 үй-бүлөгө коопсуз жерге көчүүсү жөнүндө эскертме берген.

Жер көчкүнүн кесепетинен айылдын булагы тосулуп, жергиликтүү тургундар тарабынан ал калыбына келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0