10:02 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7968
  • EUR100.7047
  • RUB1.1193
Коом
Кыскача шилтеме алуу
13 жаштагы Айганыш Канат кызы Екатеринбургда изделүүдө (10)
275 0 0

13 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгүн алып келиш үчүн Екатеринбургдагылар акча топтоп жатышат.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Екатеринбургда дайынсыз жоголуп кетип, денеси шаардын автобекетинен табылган 13 жаштагы Айганыштын сөөгү жакынкы күндөрү Кыргызстанга жиберилет. Бул туурасында КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Оштун Мырза-Аке айылынын жашоочусу 13 жаштагы Айганыш Канат кызынын энеси Анара Молдобазарованын айтымында, Екатеринбургдагы айылдаштары бала бактырганга алып кетип, ал жактан жоголуп кеткен

"Иликтөө иштери аяктагандан кийин Айганыш Канат кызынын сөөгү Башкы консулдукка беришет. Учурда сөөктү жөнөтүү боюнча каражат чогултулуп жатат. Бир-эки күн аралыгында кыздын сөөгү мекенине жиберилет",— деди консул Кожобаев.

Ал эми Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында турган Айганыштын таенеси Зууракан Алайчиева небересинин сөөгүн 6-апрелде күтүп жаткандыгын айтты. 

"Айганыштын денеси экенин таанышыптыр. Неберемдин каза болгондугу туурасында телевизордогу жаңылыктардан уктук",— деди Алайчиева.

Таенеси небересинин сөөгүн кызды бала бактырабыз деп алып кеткен айылдашы алып келээрин айтты.

2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келбей, издөө иштери үч ай уланган.

КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Кожобаев кечээ, 4-апрелде Екатеринбургдун автобекетиндеги табылган дене мындан үч ай мурда жоголгон 13 жаштагы Айганыш Канат кызына таандык экенин тастыктаган.

Тема:
13 жаштагы Айганыш Канат кызы Екатеринбургда изделүүдө (10)

Тема боюнча

ИИМ: Екатеринбургда жоголуп кетти делген Айганыштын өлүмүнүн себеби аныкталды
Екатеринбургдун вокзалында табылган сөөк Айганыштыкы экенин айылдашы тааныды
Белгилер:
сөөк, Айганыш Канат кызы, Екатеринбург

ЭҢ МААНИЛҮҮ