Жомоктогудай окуя: австриялык баронессага айланган кыргызстандык журналист

© Натали ФишерАвстриялык баронесса Екатерина Харсдорф. Архив
Австриялык баронесса Екатерина Харсдорф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Екатерина Харсдорф Бишкекте чоңоюп, журналист болсом деп кыялданчу. Бирок австриялык баронго турмушка чыгып, дүкөндүн менеджеринин жардамчысы болуп иштеп калды. Маектешүүгө барган Sputnik агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева бул кыз жөнүндө "бир аз башкачараак Күлала (Золушка) экен" деп ойлоду.

Чыныгы суктануу эмне экенин билесизби? Вена шаарынын тарыхый районунда жашап, дүйнөнүн жарымын кыдырып чыккан баронесса менен маектешкенде ушундай сезимде болдум. Турмушка чыга элек кыздар, силерге сунушталат: Бишкекке үйлөнө эле ак сөөктөрдүн дагы канчасы келерин ким билет! 

— Мен, тилекке каршы, сизге кантип кайрылууну билбей жатам. Баронесса Харсдорф десемби? Же леди Харсдорф десем туурабы? Бизде мындайлар жок да. 

— Мага жөн эле Катя жана сен деп кайрылганыңыз жакшы. 

— Сүйлөштүк. Сен коомдо көрүнүктүү орунду ээлөөгө дайыма умтулчу белең же өзүңдү кадимки эле бишкектик кыз деп эсептечү белең?

—  Мен журналист болсом дечүмүн, Бишкекте жашап, университетте окугам. Ал тургай, кесибим боюнча иштөөгө да үлгүргөм. Мага бул аябай жакчу. Ушул багытта кетүүнү пландаган болчумун. 

© Натали ФишерАвстриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф
Интервью с австрийской баронессой Екатериной Харсдорф - Sputnik Кыргызстан
Австриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф

— Анан Бишкектин катардагы эле кызы кантип австриялык ак сөөккө туш болуп калды?

— Журналист жана PR адиси болуп иштеп жүрүп, Евро Биримдиктин долбооруна кирип калдым. Биз ошол жактан жолукканбыз. Бул жолугушуу тагдырдын ушундай кызыктуу бурулушу болду. 

— Ал киши барон экенин сизге дароо айттыбы же сиз жөн гана кызыгып, аны менен сүйлөшүп калдыңызбы?

— Анын ата-тегин билген деле эмесмин, бирок өтө эле узун фамилиясы күмөн туудурган. Албетте, кийинчерээк анын байыркы тукумдан экенин билдим. Анын ата-бабалары миң жылдай мурда Баварияда бир кичинекей жерге отурукташып, ал учурда Харсдорф деп аталчу чакан шаарга айланган экен. 

Анын үй-бүлөсү өз кезегинде Бавариянын шаарларынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, падышалыктын саясий иш-аракеттерине активдүү катышыптыр. Алардын бүлөсүнүн эң гүлдөгөн жери Нюрнберг шаары болуптур, бул ак сөөк тукумуна тиешелүү сарайлардын көбү ушул шаардын жанында салынган.

© Натали ФишерАвстриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф
Интервью с австрийской баронессой Екатериной Харсдорф - Sputnik Кыргызстан
Австриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф

Болочок жубайымдын ак сөөктүгү көзгө урунган деле эмес. Жөн гана өтө сыпайы жана билимдүү адам көрүнгөн. Албетте, аны айырмалап турган өзгөчөлүктөрү бар: өтө сабырдуу жана сылык-сыпаа. Кимдир бирөө ачык эле болбогон сөздү айтып жатса да, ал эч качан сөзүн бөлүп, анын катасын көзгө сайып көрсөтпөйт. 

— Мамилеңер олуттуу болуп, Австрияга көчмөк болгонуңарда, ал жакка кетүү жөнүндө чечимди жай эле кабыл алдыңызбы же өз мекениңизден кетүү кыйын болдубу?

— Албетте, көнүмүш турмушту алмаштырып, таптакыр эле бейтааныш чөйрөгө кирүү оңой болгон жок. Анын үстүнө, англис тилим да анча жакшы эмес эле, ал эми немисче такыр билчү эмесмин. 

Бирок ал мага үйлөнүүнү сунуштаганда мен баш тарта алган жокмун. 

— Азыр эми Австриянын сарайында үй кызматкерлерин жумшап коюп жашап жатасызбы?

Барскоондон Беделге чейинки жүрүш же "аман калган" Ди Каприого теңдешкен Жаналиев
— Андай болсо, албетте, жаман болбос эле, бирок андай эмес. Мен шаардын тарыхый районундагы квартирада жашайм. Тереземден атактуу Вена операсы көрүнүп турат. Бирок менин жолдошумдун үй-бүлөсүнө азыркыга чейин жакшы сакталып калган эки сарай жана алар жайгашкан ээликтер тиешелүү, алар Баварияда. Тилекке каршы, башка көпчүлүк сарайлар убакыттын өтүшү менен бузулуп, урандылары гана калган. 

Эрежеге ылайык ээликтерге уруунун эң улуусу көз салышы керек. Күйөөм азырынча мындай укукка ээ эмес. 

— Ыңгайсыздык жаралган жокпу? Күйөөңүздүн сарайы, акчасы, ак сөөк укум-тукуму бар, сиз болсо жөн гана бишкектик кызсыз. 

— Албетте, болгон. Мен бул ак сөөктөрдүн дүйнөсү эмне экенин эч элестете алган эмесмин. Менин күйөөмдүн тегерегиндегилердин баары ак сөөктөр. Бирок мага жолдошум жардам кылды. Азыр өзүмдү жакшы сезем. 

© Натали ФишерАвстриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф
Интервью с австрийской баронессой Екатериной Харсдорф - Sputnik Кыргызстан
Австриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф

— Ал адамдар сизди кабыл алыштыбы? Ошол эле маалда кабыл албай койгондор болдубу?

— Жок, менин көзүмчө өтө сылык жана жагымдуу мамиле кылышты. Мүмкүн, артымдан өйдө-төмөн сөз болгондур. 

— Кыргызстанда барон болгондо, кыздар аны белекке бөлүп-тытып кетмек, андай жигитке турмушка чыксам дегендер көп болмок.Сиздин жолдошуңузга "көз арткан" сулуулар барбы?

— Мен андайды байкаган жерим жок. Бирок, албетте, ак сөөктөр арасында "өз кишиге" үйлөнгөндү жактырышат.

— Эмне үчүн ошол ак сөөктөрдөн чыккан сулуулардын ичинен ал сизди тандап алды?

— Ал мага сени көрөр замат бөтөнчө экениңди байкадым деп айткан. Бир көргөндө эле ашык болуп калгам дейт. 

— Түшүнүктүү. Вена Бишкектен эмнеси менен айырмаланат?

Шиш така кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара далы бойдон калуу коркунучунда турган бишкектик кыздардын жети түрү
— Биринчи кезекте байыркы тарыхы менен. Бирок ал бардык европалык шаарларда бар. Дагы Венада салыкты өтө кылдат төлөп, мыйзамдарды сакташат. Андан тышкары, австриялыктар оюндагысынын баарын бетке айтпайт. Бизде кыйкырып, жаман-жакшы айтышып алып эле кайра элдешип, эч нерсе болбогондой, эч таарынбастан жашай берсе болот. 

Бул жакта андайды жактырышпайт. Сылык-сыпайы болуш керек, нааразы экениңди билдирүү деген жок. 

— Венада оңой эле иш таптыңызбы?

— Тилди, шаарды, маданиятты билбегендиктен, албетте, оңой табылган жок.Мен чет тилин үйрөнөрүм менен Вена университетине ошол эле пиар жаатына тапшырдым. 

© Натали ФишерАвстриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф
Интервью с австрийской баронессой Екатериной Харсдорф - Sputnik Кыргызстан
Австриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф

— Кыргызстан менен Австрия университеттеринин айырмасы эмне? Бизде Европада "Бетховен — бул ит деп ишенген бир жактуу, тайкы багыттагы адистерди даярдайт, ал эми КМШ аймагында өз адистигинен башканын баарын билгендерди даярдайт" деген ой калыптанган.

— Менин кыргыз дипломумду бул жерде таанышты, ошон үчүн мен экинчи жогорку билим алууга өттүм. Бирок бул жерде болочок кесибиңе тиешелүү гана сабактарды берет деп айта албайм. Бизге юриспруденция, саясат таануу, философия сыяктуу сабактарды да окутат.

Биздин бардык профессорлор — өз кесибинде ийгиликтүү адамдар. Мисалы, маркетинг боюнча агенттиктери бар же кризистик пиар боюнча адистер.Конституциялык укукту бизге сот болуп иштеген адам окутчу. 

Менин ишимде мунун пайдасы тийди. Азыр мен модага кызыгам. Италиялык дизайнердин Salvatore Ferragamo компаниясына дүкөндүн менеджеринин жардамчысы болуп орноштум. 

— Ооба, мен ал дизайнерди билем! Менде анын чыгарган сумкасы бар болчу. Ferragamo деген жазуусу бар, бирок бир аз made in China.

— Мен аны Chanel же Dior сыяктуу көп жасалма чыгарбайт деп ойлодум эле. Өткөн жолу Бишкекке келгенде ар бир экинчи кыз Hermes сумкасын көтөрүп жүргөнүн көргөм. Венада ал 8 миң евро турат. 

— Кытайдын чыгарганына береке берсин, анын аркасы менен биз ушундай саркеч көрүнөбүз! А Венада жасалма буюм чоң кылмышпы?

— Италияда же Францияда аларды тапса болот. Ал жакта "бренд" сумкаларды көчөдө эле сатып жаткандарды жолуктурууга болот. Бирок полицияны көрүп калышса, алар "баалуу" товары менен кошо ошол замат жок болуп кетет. Австрияда болсо жасалма буюмга туш болуу мүмкүн эмес. Бул жерде мыйзамды катуу сакташат. 

Салттуу илимдердин эксперти Чынара Сейдахматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайын-журтуна сиңе албай жаткан келиндер же кыргыз кыздары жөнүндө маек
— Вена менен Бишкекте жашаган айым-кыздардын сырткы келбети эмнеси менен айырмаланат?

— Айырмасы чоң. Ал жакта күндүз бийик така кийгенди жолуктуруу кыйын, алар үчүн бул кечки бут кийим. Европалыктар өтө жупуну кийинишет. Алар үчүн башкысы — ыңгайлуулук.

Кыргызстандык айымдар болсо дайыма жасанып жүргөнгө аракет кылышат. Бул жагы аябай жакшы. 

— Баронесса дүкөндө менеджердин жардамчысы болуп орношуп алганы эч кимди ыңгайсыз абалга калтырган жокпу? Мындай титулга ээ кыздар мыкты автоунаага түшүп алып той-кечелерди кыдырып жүрүшү керек эмеспи?

— Ал өткөн кылымда калган да, ал жомок! Азыр дүйнө өзгөрдү. Менин алдымда эки жол бар болчу: же күйөөмө "тиркеме" болуу, же өзүм деле бир нерсеге татыктуу экенимди далилдөө. Бирок, ошентсе да, Венанын бал-кечелери абдан белгилүү жана биз анда-санда аларга барып турабыз. 

© Натали ФишерАвстриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф
Интервью с австрийской баронессой Екатериной Харсдорф - Sputnik Кыргызстан
Австриялык баронго турмушка чыккан Кыргызстандык журналист Екатерина Харсдорф

— Кыргызстандан эмнелерди сагынасыз?

— Адамдардан сырткары, көчөлөрдү. Дагы Ала-Арчага барып эс алганды, тоого чыккан кездерди сагынам. Ушулар жетишпей жатат мага. Бул жерде, Австрияда бардык тартип катуу. Аны кылганга болбойт, муну кылганга болбойт. Табиятка чыгып эс алыш үчүн, атайын белгиленген жерлерге гана барыш керек. Болбосо, айып төлөйсүң.

— Баронессалар да айып төлөмөк беле? Ошол эле жол полициясына "Менин күйөөм ким экенин деги билесиңби?" деп койсо болбойбу?

— Бул жакта мыйзам алдында баары тең. Президентсиңби же жумушсузсуңбу, эрежени катуу сактап, аны бузган учурда айып төлөөгө милдеттүүсүң. 

— Венада өзүңүздү бөтөн сезбейсизби?

— Вена — көп улуттуу шаар, анда түрдүү улуттар жашайт. Өзүңдү чоочун сезбейсиң.

— Кээде баарына кол шилтеп апаңызга кайтып кетип калгыңыз келген учур болгонбу?

— Ооба. Айрыкча башында ошентип жүрдүм. Турмушка чыккандан кийин алгачкы эки жылда мен Бишкекке үзбөй келип, ата-энемдикинде эки айлап жүрүп кетчүмүн. Анан өз үй-бүлөм, анын алдында жоопкерчилигим бар экенин түшүндүм. 

— Беш жылдан кийинки өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Университетти бүтүп, ишимди улантсам дейм. Ошондой эле саякатка убакыт тапсам дейм. Азыр көп нерсени пландап жатам, эң маанилүүлөрүнө көңүл топтошум керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0