Апрель окуясы боюнча айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү, кезек соттун өкүмүндө

© Sputnik / Табылды КадырбековАпрель окуясы боюнча соттук отурумдыгы айыпталуучу Эльмурза Сатыбалдиев
Апрель окуясы боюнча соттук отурумдыгы айыпталуучу Эльмурза Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыптоочуларга акыркы сөз берилип, алар бир ооздон мыйзам чегинде иш кылганын айтышты.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бүгүн, 5-апрель күнү Республикалык аскер сотунда Апрель окуясы боюнча соттук отурум уланып, айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Анда бардыгы соттон актоону суранышты. 

Жабырлануучулардын өкүлү Нурия Айдарбосунова сот адилеттүү чечим чыгарат деп үмүт кыларын белгиледи. 

"Алты жылдан бери соттошуп келе жатабыз. Бул ирет сот адилеттүү чечим чыгарат деп ойлойм. Талашка чекит коюу керек", — деди өкүл. 

Анткен менен жактоочу Юрий Скатневский айыпталуучулар мыйзам чегинде иш кылганын айтты. 

"Сот отурумдары адилетсиз жана мыйзамсыз болгондуктан, териштирүү ушунча жылга созулуп кетти. Эгерде биз мыйзамдуу өлкө курууну кааласак, анда адилеттүү чечим чыгарышыбыз керек. Булар жөн гана буйрукту аткарышты", — дейт адвокат. 

Соттук отурумду Нурлан Ашымбеков баштаган коллегия карады.

Бул иш боюнча соттун чечими качан чыгары белгисиз. Соттун катчысы өкүм чыгарыла турган күн алдын ала айтыла турганын билдирди.

Эскерте кетсек, Апрель окуясы боюнча 28 жаран айыпталууда, анын алтооно Кыргызстандан тыш издөө жарыяланган. Окуядан 300дөн ашуун адам жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0