Боз үйдөгү нике той — Англияда көчмөн стилдеги үйлөнүү тойлор кеңири жайылууда

© Фото / предоставлено Лиззи ДжонсАнглиядагы боз үйдөгү нике той. Архив
Англиядагы боз үйдөгү нике той. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британияда жаңы тренд пайда болду: эми англиялыктар үйлөнүү тоюн жана андан кийинки биринчи айды көчмөндөрдүн стилинде өткөрүп жатышат. Эмен жер төшөөлөр, салют жана жаш жубайлардын керебети колго жасалып, ал эми чакан команда ашыктардын каалаганын аткарууга даяр.

Wedding Yurts агенттигин түзгөн Лиззи Жонс Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына эмне үчүн Кыргызстанды көргүсү келип жатканын, ак өргөгө канча адам батаарын жана салтанаттарды боз үйдө өткөрүү жөнүндө ойго кандайча келгенин айтып берди. 

— Саламатсызбы, Лиззи. Эмне, англиялыктар сулу акшагынан жасалган ботко менен салттуу чайдан тажадыбы?

— Жок. Жөн эле акыркы кездери дүйнөдө көчмөндөргө байланышкан нерсенин бары мода болуп жатпайбы. Анан калса, кооз ресторандарда салтанат өткөрүү кадыресе көрүнүшкө айланды. Көпчүлүк бөтөнчө бир нерсени эңсеп калды. Боз үй туурасында досторумдан угуп, мага көчмөн элдин стилинде үлпөт той өткөрүү жөнүндө ой келди. 

© предоставлено Лиззи ДжонсУлуу Британиядагы боз үй
Проведение свадебных мероприятий в юртах в Великобритании - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британиядагы боз үй

— Ооба, бирок Англияда боз үй жок да? 

— Досум Жим экөөбүз боз үйдүн түзүлүшүн, тигип-чечүү жана даярдоо ыкмасын кылдат үйрөндүк. Англияда кайсы материалдан жасасак деп көп ойлондук. Көп нерседен жасап көрүп, өз ыкмабызды иштеп чыктык. Негизи, боз үй — адамдын акылынан чыккан бөтөнчө нерсе, аны тиккенге эки сааттай убакыт кетет, ал эми аны чечип, керектүү жерге жеткирүү саналуу эле убактты алат. Мына, ошентип Wedding Yurts ("Боз үйдөгү үйлөнүү үлпөт") агенттиги пайда болду. 

© предоставлено Лиззи ДжонсАнглияда көчмөндөрдүн боз үйүндө үлпөт той өткөрүү кеңири жайылып баратат.
1/6
Англияда көчмөндөрдүн боз үйүндө үлпөт той өткөрүү кеңири жайылып баратат.
© предоставлено Лиззи ДжонсАтайын майрам үчүн тигилген боз үй
2/6
Атайын майрам үчүн тигилген боз үй
© предоставлено Лиззи ДжонсАнглияда тигилген боз үйдүн ички жасалгасы
3/6
Англияда тигилген боз үйдүн ички жасалгасы
© предоставлено Лиззи ДжонсАнглиядагы боз үйдөгү нике той
4/6
Англиядагы боз үйдөгү нике той
© предоставлено Лиззи ДжонсҮйлөнүү тоюнда ырдап жаткан ырчылар
5/6
Үйлөнүү тоюнда ырдап жаткан ырчылар
© Фото / предоставлено Лиззи ДжонсБал айын боз үйдө өткөрүүнү каалаган чет элдиктердин саны көп
6/6
Бал айын боз үйдө өткөрүүнү каалаган чет элдиктердин саны көп
1/6
Англияда көчмөндөрдүн боз үйүндө үлпөт той өткөрүү кеңири жайылып баратат.
2/6
Атайын майрам үчүн тигилген боз үй
3/6
Англияда тигилген боз үйдүн ички жасалгасы
4/6
Англиядагы боз үйдөгү нике той
5/6
Үйлөнүү тоюнда ырдап жаткан ырчылар
6/6
Бал айын боз үйдө өткөрүүнү каалаган чет элдиктердин саны көп

— Кыязы, командаңар чоң болсо керек?

— Жок, андай эмес. Биз болгону төрт кишибиз, жана баарына жетишип жатабыз. Беш жылдан бери бир да салтанат үзгүлтүккө учураган жок. 

— Сиздерден бирөө Кыргызстанда болгонбу?

— Жок, тилекке каршы эч кимибиз бара элекпиз. Бирок мен силерге жөн гана келбестен, салттуу үйлөнүү тоюн көрсөм дейм. 

— Канча боз үйүңөр бар жана аларга канча киши батат?

— Азыр бизде төрт комплект бар. Биздин боз үйлөрдүн жер төшөөсү эменден жасалган, ошондой эле ар биринде колго жасалган эмерек жана түрдүү буюмдар бар. 

Боз үйдүн эң чоңуна 90 киши батат. Бирок эл көп боло турган болсо, экөөнү бириктирип, оңой эле 150 кишини батырса болот. 

Кыргыз боз үйүн ижарага берип акча тапкан англиялык ишкер
Бардык иш-чараларды жаш жубайлар менен кошо пландап, баарын башынан аягына чейин кылдат ойлонуп иштеп чыгабыз. Сырткы жана ички жасалгаларын ойлоп, аларга жараша үйлөнүү тоюна тортту жана салтанаттуу салютту тандайбыз. Мындай той көпкө эсте калат. 

Дегинкиси, биз мурдагыларды кайталабаганга аракет кылабыз. Бирок салтанаттуу боз үйлөрдүн ак түсү келиндин көйнөгүнө ушунча сонун айкалышат дейсиз, ошондуктан мындай тойду каалагандар арбын.

Дагы тез тигип-чечүүгө жана жеңил алып жүрүүгө ылайыкташкан атайын боз үйлөр бар. Алар жаш жубайлардын турмушундагы алгачкы бал айын өткөрүүгө арналган. Алардын түзүлүш-жасалгасы таптакыр башка жана каалаган жерге тигүүгө ылайыкташкан. Адатта аларды суу жээктерине же токойлорго тигишет, айрымдары болсо боз үйдү өз виллаларына тигип берүүнү суранышат. 

— Силердин кызматтан кимдер пайдаланат?

— Түрдүү адамдар, негизинен бөтөнчө бир майрамды каалаган кадимки эле үй-бүлөлөр. Ошондой эле, көчмөндөрдүн жашоосуна, маданиятына өтө берилип кызыккандар да бар. 

© Фото / предоставлено Лиззи ДжонсУлуу Британиядагы боз үйдөгү нике той
Проведение свадебных мероприятий в юртах в Великобритании - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британиядагы боз үйдөгү нике той

— Тапшырык көп болуп жатабы?

— Үйлөнүү үлпөтүн боз үйдө өткөрүү популярдуу болуп баратат жана биз тапшырыкты Англиядан эле эмес, Канададан да алып жатабыз. Эми көчмөндөрдүн стилинде той өткөргүсү келгендер кезекке турууга аргасыз. Азыр биз 2017-жылга заказдарды алып жатабыз, себеби быйылкы сезондун баары ээленип, бош күн жок. 

— Бир тойго канча каражат кетет?

— Боз үйдүн түрүнө жана көлөмүнө жараша — 5 200 — 8 000 фунт стерлинг (11 миң долларга жакын).

Боз үйдүн түзүлүшүн, курамдык бөлүктөрүн жана тигүү иретин Sputnik инфографикасынан караңыз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0