Бишкектик бөбөктөр айылдагыларга салыштырмалуу тез окуп, тез жазышат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКитеп окуп жаткан өспүрүм жана аял. Архив
Китеп окуп жаткан өспүрүм жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөлөр энеси канчалык билимдүү болсо, баласынын сабаты жаштайынан тарта эле жоюларын көрсөттү.й

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Үч-беш жаш курагындагы балдар облустагы курбалдаштарына караганда тез окуп жана тез жазышат. Бул туурасында Улуттук статистика комитети менен БУУнун Балдар фондусунун иликтөөлөрүндө айтылат.

Илимпоздор: балдарды үч жашынан тарта тамга таанытууга болот
Эксперттердин эсебинде, борбор калаадагы балдардын 36 пайызы тамга таанып, жаза алышат. Ал эми дубандарды алганда Жалал-Абад облусунда жагдай жакшы эмес. Тагыраагы аталган аймакта 100 баланын ичинен жетөөсү гана жазып, окуганды билери аныкталган.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, кыздар балдарга караганда тез алып кетет. Баланын үйүндө бакубаттуулугу жакшы жана энеси канчалык билимдүү болсо, сабатсыздыгы эрте эле жоюларын көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0