16:35 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8159
  • EUR77.6004
  • RUB1.0582
Премьер-министр Темир Сариев СССРдин Эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиевди 75 жылдыгы менен куттуктады

Өкмөт башчы режиссер Болот Шамшиевди 75 жылдыгы менен куттуктады

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
7010

Сариев кыргыз киносунун корифейлеринин бири Шамшиевдин тарткан тасмалары эч убакта актуалдуулугун жоготпой тургандыгын белгиледи.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев СССРдин Эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиевди 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Режиссер менен жолушууда Сариев режиссер Шамшиевдин маданият үчүн опол тоодой эмгек сиңиргенин белгилеп, ал тарткан тасмалар эч убакта актуалдуулугун жоготпой турганын билдирди.

"Сиз кыргыз киносунун кереметинин жаратуучуларынын бири катары элдин алдында опол тоодой эмгек өтөдүңүз. Сиз тарткан "Ак Кеме", "Эрте жаздагы турналар", "Караш-Караш" сыяктуу тасмалар классикага айланып, кайсы учур болбосун актуалдуулугун жоготпойт", – деди Сариев.

Өкмөт башчысы атактуу режиссерго учурда да талбай эмгектенип, терең мазмундуу ойлору, кеңештери менен бөлүшүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз ССРинин эл артисти жана Кыргыз ССРинин искусствосуна эмге сиңирген кызматкер Болот Шамшиев 1941-жылдын 12-январында Фрунзе (Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген. 

Ал "Манасчы", "Чабан", "Караш ашуусундагы атышуу", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү жаңырыгы", "Ак кеме", "Адамдардын арасында", "Эрте жаздагы турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямага чыгуу" тасмаларын тарткан.


 

Тема боюнча

Болот Шамшиевге — 75 жыл. Белгилүүнүн бейнесине сүрөт сүртүмдөр
Режиссер Нурбек Эген: бизден Айтматов, Шамшиев, Океевдер эми чыкпайт…
Белгилер:
юбилей, режиссер, Болот Шамшиев, Темир Сариев

ЭҢ МААНИЛҮҮ