08:03 03 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7897
  • EUR96.0031
  • RUB1.1448
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Пара талап кылган жол инспекторлорунун видео чуулганы (11)
114910

Жунусовдун жанындагы эки инспектор жаза катары административдик айып пул төлөмөй болду.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Чуулгандуу видеонун каарманы Адилет Жунусов менен Жол кайгуул кызматынын эки инспекторун Октябрь райондук соту күнөөлүү деп тапканын Sputnik кабарчысы сот залынан билдирди.

Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов Жунусовдун аракеттеринде "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыштын белгилери бар деп, 1,5 жылга турак колониясында жаза өтөө чечимин кабыл алды. 

ЖКК инспекторлору Жеңиш Чокморов менен Урмат Белеков "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, административдик айып пул чегерилди. Ал эми Жунусовдун жанындагы Азирет Азыров күнөөсүз деп табылган.

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнь күнү социалдык тармактарда ЖКК инспекторлорунун үч жүргүнчүсү бар унааны токтоткону тартылган видео жайгаштырылган. Инспектордун пара талап кылып жаткан жерин Болот Ибрагимов тартып алган. Жүргүнчүлөр кызматкерлердин документтерин сурашкан. Инспекторлордун жанында турган жарандар кийлигишип, араздашып кетишкен. Андан соң видеону алыш үчүн инспекторлор машинанын артынан кууп, мамлекеттик номерин жулуп алышкан. Адилет Жунусов менен Азирет Азыров жана видеого түшүп калган эки инспекторго карата кылмыш иши козголгон.

Тема:
Пара талап кылган жол инспекторлорунун видео чуулганы (11)

Тема боюнча

Чуулгандуу видеого түшүрүлгөн инспекторлордун ишин Коррупцияга каршы кызмат карайт
Чуулгандуу видеонун бир каарманы табылды, экинчиси изделүүдө
Белгилер:
Адилет Жунусов, Жол кайгуул кызматы, видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ