20:12 21 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2800
  • EUR78.6381
  • RUB1.0704
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив

Жаңы паспорт алууда жарандардын ПИН-номери өзгөрүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
15101

МКК жетекчиси жакын арада ПИН-номер берүү милдети Соцфонддон Каттоо кызматына өтөрүн кошумчалады.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бардык кыргызстандыктарга жаңы ПИН-номер берүү сунушу каралып жатканын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев республикадагы каттоо жана документ берүү системасын өнүктүрүүгө арналган тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, биометрикалык кампаниянын жүрүшүндө эки идентификациялык номери бар 6 миң жаран аныкталган. Учурда аларды актуалдаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Мындан тышкары, ПИН-номери борбордук маалымат базасы тарабынан таанылбаган 6 миң жаран аныкталган. Учурда бир эле номердин эки же андан ашык адамга берилишинин себептерин тактап жатабыз. Эки айдан кийин бул иш соңуна чыгат", — деди Сарпашев.

Өз сөзүндө төрага ПИН-номер менен бардык кыргызстандыктарды камсыздоо сунушу каралып жатканын белгиледи. 

"Бул учурда ар бир жаран уникалдуу номерге ээ болот. Мындай аракет мамлекеттик органдардын бир форматта иштөөсүн камсыз кылат", — деди Сарпашев.

МКК жетекчиси жакын арада ПИН-номер берүү милдети Соцфонддон Каттоо кызматына өтөрүн кошумчалады.

Тема боюнча

Сарпашев: даректик баракчалар электрондук форматка өтөт
Биометрикалык маалымат камтылган ID-карт 3-4 еврого бааланат
Белгилер:
номер, каттоо, Тайырбек Сарпашев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ