Ошто жер титирөөдөн жапа чеккендерге Кыргызстан түп көтөрүлө жардам берип жатат

© Фото / Бекмамат АйдаркуловЧатыр. Архив
Чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүктү өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери коштоп, жолдон Талас жана Жалал-Абад облустарынан берилүүчү гуманитардык жардам кошулмакчы.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Оштун жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарына республиканын Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын түштүгүндө кайтадан жер силкинди
Маалыматка ылайык, зилзаладан жабыркаган элге жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, курулуш материалдары жөнөтүлгөн. 

Биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин айтымында, жардам алгач турак-жайлары тез арада ремонттоого муктаж 441 үй-бүлөгө көрсөтүлүп, андан кийин калктын аялуу катмарына калган гуманитардык жардам бөлүштүрүлмөкчү. 

Жүктү өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери коштоп, жолдон Талас жана Жалал-Абад облустарынан берилүүчү гуманитардык жардам кошулары маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0