Акыйкатчы: пакистандык жаран кыргызстандык жубайына балдарын берүүдөн баш тартууда

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЫмыркай көтөргөн адам. Архив
Ымыркай көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык аял мурунку күйөөсү балдары менен жолуктурбай жатканынан улам сотко кайрылган.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Пакистандык жаран кыргызстандык жубайына балдарын берүүдөн баш тартып жатканын Акыйкатчы институту билдирди.

Учурда Пакистанда жашап жаткан аял акыйкатчынын милдетин аткарып жаткан Гүлнара Жамгырчиевага арыз менен кайрылып, атасы менен жүргөн эки жана беш жаштагы балдарын кайтарууга жардам берүүсүн өтүнгөн.

Эркектин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялын сабаган кызыл камчыга министрдин өкүм зордугу менен араң кылмыш иши козголду
Доочунун айтымында, ал пакистандык жаран менен Кыргызстанда никеге турган. Балдары төрөлгөндөн кийин күйөөсү өз мекенине кайтып жатып, аларды кошо ала кеткен да, энеси менен көрүшүп сүйлөшүүсүнө тыюу салган. 

Бул факт боюнча аял Пакистандын сотуна кайрылган. Сот балдардын энесинин пайдасына чечим чыгарып, наристелерди аялга кайтарып берүүгө милдеттендирген. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин соттун чечимин колуна тийгизе албай жүрөт.

Укук коргоочулар кыргызстандык аялдын жана анын балдарынын укугу одоно бузулган деп эсептешүүдө. 

Жамгырчиева ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаевге кат жолдоп, аталган көйгөйдү чечүүгө жардам берүүсүн өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0