Россияга жихад жарыялаган Аскарбек — эненин акталбай калган үмүтү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТамга жөлөнгөн автомат. Архив
Тамга жөлөнгөн автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь айынын ортосунда интернетте Россияга башка согушкерлер менен биргеликте жихад жарыялаган кыргызстандык баланын видеосу тараган. Видеодогу бала 1993-жылы туулган Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну Аскарбек Бакыбеков экенин УКМК расмий тастыктады.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Октябрь айынын ортосунда өзүн Кыргызстандын жаранымын деп тааныштырган бала колуна курал кармаган башка кишилер менен биргеликте Россиянын Сириядагы аскерий аракеттерин сынга алып, аларга жихад жарыялаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети видеодогу бала Лейлек районунун Достук айылыны тургуну Аскарбек Бакыбеков экенин аныктаган.

Таякесинен аскердик билетке акча сурап кеткен боюнча жок болгон

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 22 жаштагы Бакыбеков Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылындагы "Достук" орто мектебинде 9-класска чейин билим алган. 2009-жылы Ак-Арык айылындагы кесиптик лицейге тапшырган. 2011-жылы аталган лицейди аяктап, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы медреседен окуп баштаган. Ал медреседе эки-үч жыл окуп, былтыр аяктаган. 

Андан кийин Бишкекте жашап жүрүп, быйыл жазында куруучу болуп чогуу иштеген тайкесинен "Лейлекке барып аскер билетин алып келем" деп акча алган. Бирок Лейлек районуна келген эмес. Чек ара кызматынан алынган маалымат боюнча Бакыбеков 2015-жылдын 23-апрель күнү Манас аэропорту аркылуу Стамбулга учуп кеткен. 2015-жылдын июнь айында бир тууганы Туратбекке уюлдук телефон аркылуу "Мен Иорданиядамын, Ислам институтунда окуп жүрөм" деп СМС жазган.

Достук айылынын тургуну Гүлмира Үсөнова Аскарбек Бакыбековду 2002-жылдан бери таанып тургандыгын айтып, апасы мектепте мугалим болуп иштегенин айтып берди. Кийин апасы Россияга кеткенден кийин алар да Бишкекке кеткен.

"Балким ал бирөөлөрдүн тилине кирип, азгырылып кетти окшойт. Жаман жолго бара турчу балдардан эмес эле", — деди мугалим.

Класс жетекчиси: апасы Аскарбекти араб тилинен котормочу кылам дечү 

Беш жыл Бакыбековдун класс жетекчиси болгон Зебинисо Халмурзаева окуучусун башкалардын тилине кирип, азгырылып кетиши мүмкүн деген оюн билдирди.

"Балким ал ишенчээктигинен башкаларга азгырылып кетти окшойт. Экинчи бир божомолум аны бирөөлөр коркутуп алып кеттиби деп да жатам. Кайдан мындай жолго барганы түшүнүксүз", — дейт ал.

Халмурзаева Аскарбек боюнча апасынын илгери үмүттөрү болгонун мындайча түшүндүрдү. 

"Бишкекте окуп жүргөндө апасы баласын араб тили боюнча котормочу кылам деп кыялданган. Апасы тарых мугалими болгондуктан тарбиясы катуу эле. Эмне себептен апасынын тилин албай калганына мен өзүм да таң калам", — дейт ал.

УКМК кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияга жихад жарыялаган кыргыз жараны ким экени аныкталды
Аскарбектин апасы менен мектепте чогуу иштегенин айткан Халмурзаева мугалимдердин айлыгын кечиктирип, бербей баштаган убакта ал карыз болуп калгандыктан аргасыздан Россияга иштегени кеткенин айтат. Кийин апасы менен Бишкекте жолукканда "Россияга кетпей эле койсом болмок экен. Балким баламды бул жакта кармап калат белем" деп арманын айтып ыйлаганын кошумчалады.

Бишкектеги медреседен кийин Түркияга чыгып кеткен

Медреседе өткөн күндөр

Аскарбек Бакыбеков окуп кеткен Бишкек шаарындагы медресенин окутуучусу ал диний окуу жайдан 2013-жылдары үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кеткенин айтты. Акыркы жылдары ал ооруп, ооруканага барып кыйналып жүргөн. Ошондой эле, тыйын-тыпыр, кийим жагынан да көйгөйлөрү бар эле дейт ал.

"Таякеси 2011-жылы бизге алып келген. Жүрүм-туруму жакшы эле болчу. Бирок, сабактарын жакшы өздөштүрө алган жок. 2013-жылы бизден үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кеткен. Кантип Сириядагы согушка кетип калганын айта албайбыз", — деди окутуучу.

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн 10-бөлүмүнүн ага опери Айбек Эрмаматов райондун аймагынан Сирияда куралдуу кагылышууларга катышып жүрөт делген төрт жаран аныкталганын айтып, алар 25тен 30 жашка чейинки кишилер экенин белгиледи.

"Бул адамдардын дин боюнча сабаты жок болгондуктан кээ бир агымдарга азгырылып кеткендер. Сириядагы согушка башкалардын барбоосу үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал эми Бакыбеков боюнча керектүү маалыматтарды чогулттук", — дейт ал. 

Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын акыркы берген маалыматтарына ылайык, Сириянын аймагында 500гө жакын кыргызстандыктар согушуп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0