Ош мэри: эстакадалык көпүрөнүн астында туруп сыноодон өткөрдүм

© Айша КамиловаОштогу эстакадалык көпүрө. Архив
Оштогу эстакадалык көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Навои көчөсүндө курулуп жаткан эстакадалык көпүрө эртең өлкөнүн биринчи адамдарынын катышуусу менен ачылары күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ош шаарында расмий ачылышы эртең боло турган эстакадалык көпүрө сыноодон ийгиликтүү өттү деп билдирди аталган калаанын мэри Айтмамат Кадырбаев Sputnik маалымат сайтына.

Мэр сыноо учурунда көпүрөгө демейкиден үч эсе көп салмак салынып, оор техникалар жайгаштырылып, ал ийгиликтүү өткөндүгүн айтты.

"Эч кандай кооптонуу болгон жок. Мен анын астында турдум. Демейкиден үч эсеге көп салмак келтирип, тактап айтканда, 500 тонна коюп сынадык. Менимче, курулуштун сапатына бардыгы ыраазы болуп турат. Ал эми менде сүйүнүч сезими болуп турат", — деди Кадырбаев.

Оштогу эстакадалык көпүрөнүн ачылышына бир күн калды
Ал акыркы үч күндө көпүрөнүн айланасындагы жашылдандыруу иштерин да жүргүзгөндөрдү кошкондо миңге чукул адам тартылгандыгын кошумчалады. 

Эртең Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан эстакадалык көпүрө эртең өлкөнүн биринчи адамдарынын катышуусу менен ачылары күтүлүп жатат. Ал эми андан аркы күнү Ош шаар күнүн майрамдайт. 

Көпүрө россиялык гранттын эсебинен курулууда. Түштүк борборго мындай курулуш алгач ирет өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0