Беш жыл мурун кыргызстандыктар эт, сүт жана нанды көп жешчү

© Sputnik / Табылды КадырбековБазардагы эт сатуучусу. Архив
Базардагы эт сатуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистикалык комитет беш жыл мурда эл кантип тамактанганы жана учурда эмне жеп жатканы тууралуу отчетун жарыялады.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. 2010-жылы кыргызстандыктар азыркыга караганда сүт азыктарын, этти жана нанды көп жечү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Сариев: Кыргызстанда эт продукциясынын атаандаштыгы артат
Маалыматка ылайык, 2010-жылы Кыргызстандын жарандары 3 килограмм 200 граммга чейин эт жесе, 2015-жылдын июнь айына алынган маалымат боюнча анын көлөмү 2,6 килограммды түзгөн.

Эл сүттү да аз ичип калган, анын бир айлык көлөмү 17 литрден 8 литрге чейин азайган. Андан сырткары, шекер, нан, картошканы да аз жеп калышкан.

Бирок кыргызстандыктар жемишке көбүрөөк ыктаганы байкалат. Мисалы, бир айда бир килограмм өрүк жана алма жешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0