Оштогу жүздөн ашык эшектин ээси кытайлык жаран болуп чыкты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүБайланган эшек. Архив
Байланган эшек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат кызматы эшектердин ээси 46 жаштагы кытай жараны экендигин, анын эшектерди экспорттоого колунда уруксат кагазы жоктугун билдирди.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагын текшерген учурда кыргыз-кытай биргелешкен ишканасынын ээси акыркы алты күндүн ичинде аймактан ар бири 2000 сомдон 132 эшек сатып алып, аларды Кытайга ташып кетүүгө ниеттенгенин милицияга айткан. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат кызматы эшектердин ээси 46 жаштагы кытай жараны экендигин, анын эшектерди экспорттоого колунда уруксат кагазы жоктугун билдирди. 

"Ал кагаздары башка бир жердешинде экендигин айтып, документтерди көрсөтө элек. Милиция кызматкерлери аталган аймактарды толук кыдырып көрдү, мал союлган жерлер аныкталган жок", — деп билдирди маалымат кызматы.

Учурда бул иштер боюнча аймактык милиция иликтөө иштерин улантууда.

Буга чейин Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Жаңы-Жер, Арашан айылдарында жана Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун аймагында эшек эттери табылып, ал коомдун нааразычылыгын жараткан. Биринчи иш боюнча атайын комиссия түзүлүп, иш козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0