Мүмкүнчүлүгү чектелген 50 бала баштапкы билим алат

Жазылуу
Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгында мүмкүнчүлүгү чектелген 950 бала катталган, анын 722си жашы жете элек жеткинчектер.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ош шаарынын реабилитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү классы ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы класста 5-7 жаштагы 50 жеткинчек төрт айдын аралыгында баштапкы билим алат. 

"Балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн эки класс оңдолду. Жакын арада оюн аянтынын курулушу соңуна чыгат. Бул жерде балдар билим гана албастан, ар дайым дарыгерлердин, психологдордун жана дефектологдордун көзөмөлүндө болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Ачылуу аземинде балдар үчүн "Жомок терапиясы" программасынын негизинде биринчи сабак өткөрүлдү. 

Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгында мүмкүнчүлүгү чектелген 950 бала катталган, анын 722си жашы жете элек жеткинчектер.

Жаңылыктар түрмөгү
0