Нарын районун тургундарына таандык 400 гектардан ашык жер ГЭС курууга берилет

Жазылуу
Темир Сариев Жогорку Нарын ГЭСинин каскадына жер бөлүп берүүнү тездетүү зарылдыгын өкмөттүн жыйынында баса белгиледи.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жараяны узарып жаткандыктан, жер бөлүп берүүнү тездетүү зарылдыгын баса белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, Россиялык "Русгидро" ишканасы менен биргеликте ишке ашып жаткан долбоор келишимине ылайык, Кыргызстан жер тилкелерин бөлүп берүү милдетин алган. Ага ылайык, ГЭС каскадын курууга буга чейин 554 гектардан ашык жер бөлүнгөн. Экинчи этап менен 1338 гектар, үчүнчү этап менен 420 гектарга жакын жер бөлүп берүү маселеси турат.

"Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу жараяны узарып жатат. Ошондуктан, жер бөлүп берүүнү тездетүү зарыл. Август айында Нарын облусуна иш сапарымдын жүрүшүндө тиешелүү тапшырмалар берилген. Ага ылайык, Нарын районун тургундарына таандык 400 гектардан ашык жер маселесин 15-сентябрга чейин чечүү тапшырмасы коюлган" — деди Темир Сариев.

Бул тапшырма күчүндө экенин эскерткен премьер-министр аталган маселелер чечилген соң курулуш иштери жандатып, Нарын-1 ГЭСи кийинки жылдын октябрь-ноябрь айларында ишке кирсе, калган үч ГЭСтин долбоорун 2019-жылга чейин бүткөрүү пландалганын Темир Сариев кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0