Талас районунда үй-бүлөлөр аралык спорт таймаштары өтүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас районунда үй-бүлөлөр ортосунда спорттук таймаштар өтүүдө
Талас районунда үй-бүлөлөр ортосунда спорттук таймаштар өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күнгө созулчу иш-чарага мектепке чейинки курактагы балдар жана алардын ата-энелери, жергиликтүү мектеп окуучулары, жаштар катышат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. 8, 13, 24-августта Талас районунун Көк-Ой айыл аймагында үй-бүлөлүк спорт таймаштары жана балдарды өнүктүрүүчү оюндар менен сынактар өтөт. Бул тууралуу "Айкөл" Жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору" коомдук уюму билдирди.

Бир нече күнгө созулчу иш-чарага мектепке чейинки курактагы балдар жана алардын ата-энелери, жергиликтүү мектеп окуучулары, жаштар катышат.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай аракеттер сергек жашоого үгүттөп, ата-энелерге үй-бүлөнүн жана балдардын бош убактысын туура өткөрүүнү уюштурууга жардам берүү максатын көздөйт.

Иш-чаралардын аркасында үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара байланышы дагы бекемделет. Ошондой эле, тарбиячылар менен ата-энелер балдарды тарбиялоодо тажрыйба алмашып, окуучуларды кыймыл-аракетти талап кылган оюндарга, түрдүү дене тарбия көнүгүүлөрүнө (чуркоо, секирүү, ыргытуу) тартуу жана бош убакытты пайдалуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0