Прокуратура Коркмазовдун камакка алынышын талап кылат

© пресс-служба ЖККоркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич. Архив
Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин депутат Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Эми анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү Жогорку сот карайт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык прокуратурасы пара талап кылган деп шектелип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовду үй камагына чыгаруу боюнча соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун эл өкүлүн эки ай камакка алуу чечимин жокко чыгарып, аны үй камагына чыгарган. 

"Бишкек шаарынын прокуратурасы Бишкек шаардык сотунун эл өкүлү Хаджимурат Коркмазовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча 3-августта чыгарган чечиминин үстүнөн жогорку инстацияга арызданды", — деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Операционная комната. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Адвокат: Коркмазовдун өнөкөт оорусу коркунучтуу
Эми Коркмазовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү Жогорку сот карайт. 

Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы депутатты 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан анын Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алган.

2015-жылдын 15-июлунда аталган факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси "Коррупция" жана 304-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0