Жоголгон литвалык туристтерди издөө улантылып, ага 15 куткаруучу тартылды

© Sputnik / Мария Ващук / Медиабанкка өтүүТоо. Архив
Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Литвалыктарды кыргызстандык 15 куткаруучу издеп жатат.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Ысык-Көл облусунун тоолорунда таш кулоодон жабыркаган литвалык жарандар табыла электигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Литвалык жети туристти тоо арасынан кыргызстандык куткаруучулар таппай жатат
Буга чейин маалымдалгандай, 8 киши (үч эркек, беш аял) "Каракол—Көлтөр—Алтын-Арашан" маршруту менен чыгып кетишкен. Телефон аркылуу "Альп-Тур-Иссык-Куль" турфирмасына каттоодон өтүшкөн, бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен каттоодон өтүшкөн эмес.

2015-жылдын 29-июлуна караган түнү "Кеңсан" капчыгайындагы "Чоң-Өзөн-Батыш" музунда таш кулоонун кесепетинен 1987-жылы туулган аял каза болгон.

Литвалыктарды табуу үчүн 15 куткаруучу тартылып, издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0