Ысык-Көл: лагерде балдарга чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн көрсөтүп беришет

© пресс-служба ГПС КРНа Иссык-Кульской области открыт военно-спортивный лагерь для школьников.
На Иссык-Кульской области открыт военно-спортивный лагерь для школьников. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лагерге келген 14-15 жаштагы 30 өспүрүм аскер кызматsyын өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүп, чек арачылардын күнүмдүк жашоосу менен таанышат. Программага конкурс-сынактар, экскурсиялар, аскердик-спорт оюндарs, курал менен атуу камтылган.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Чек ара кызматынын окуу борборунун базасында мектеп окуучулары үчүн аскердик-спорттук лагерь ачылганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматта лагерь түзүү демилгечи өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаевдин демилгеси чек арачылар тарабынан колдоого алынгандыгы айтылат. 

"Чек ара кызматы жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого өзгөчө көңүл бурат. Өлкөбүздүн дээрлик бардык мектептеринде россиялык чек арачылар менен уюштурулган "Жаш чек арачы" класстары ачылган. Аскердик-спорттук лагердин түзүлүшү – мунун дагы бир далили", — деп айтылат билдирүүдө.

Лагерге келген 14-15 жаштагы 30 өспүрүм аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүп, чек арачылардын күнүмдүк жашоосу менен таанышат. Программага конкурс-сынактар, экскурсиялар, аскердик-спорттук оюндар, курал менен атуу камтылган.

"Балдардын баары офицерлердин тыкыр көзөмөлүндө болот. Биз балдарга чек арачылардын иши канчалык маанилүү жана баалуу экенин көрсөтүүгө аракет кылабыз", — дейт Чек ара кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Руслан Закиров.

Дамира Ниязалиева балдардын жайкы эс алуусун уюштурган жайларды текшерди
Лагерь үч агымга эсептелген. Быйыл анда Ысык-Көл облусунун бардык аймактарынан келген окуучулар эс алып жатат.

Маалыматта эмдиги жылы лагердин масштабы кеңейип, жолдомо менен Кыргызстандын булуң-бурчунан балдардын келип эс алуусуна шарт түзүлө турганы айтылат.

Балдардын аталган лагерде эс алуусу үчүн облустун өнүктүрүү фондунан 350 миң сом бөлүнгөн. Каражат балдарды аскер формасы менен камсыздоого, төрт маал тамактандырууга, атуу үчүн полигондорго чыгууга жана көлгө барууга жумшалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0