Нарындагы Борбор Азия университети кийинки жылдан баштап студенттерди кабыл алат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүШырдак фестивалынын катышуучулары. Архив
Шырдак фестивалынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азия Университетинин курулушу аяктоо алдында турат. 2016-жылдан тарта окуу жай студенттерди кабыл ала баштайт.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакхини кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Нарындагы Борбор Азия университети 2016-жылы ачылат
Жолугушууда тараптар Ага Хан өнүктүрүү түйүнү менен КР билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Темир Сариев Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн Кыргызстандагы аткарган ишин жогору баалай турганын билдирип, мындан аркы ар тараптуу кызматташуунун бекемделишине өзгөчө маани берерин белгиледи.

Шамш Кассим-Лакхи мырза түйүн ишке ашырып жаткан Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин курулушу аяктоо алдында турганын, 2016-жылдан тарта окуу жай студенттерди кабыл алууну баштарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0