16:59 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
90330

Россиянын аймагына кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынып, Федералдык миграция кызматынын кара тизмесине түшүп калган кыргызстандыктар ал тизмеден чыга алышат. Эгер тыюу салынган мөөнөттүн жарымы өткөн болсо, бул шарт күчүнө кирет.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Россиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесине кирген 20 миңдей кыргызстандык жаран андан чыга алышы мүмкүндүгүн Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы паспорт-виза кызматынын директору Бакыт Эркинбеков Sputnik сайтына билдирди.

Санкт-Петербург шаарында жума күнү кол коюлган келишимге ылайык, кыргызстандыктар Россияда 30 күнгө чейин каттоосу жок жүрө алышат.

По ее словам, в минувшую пятницу посол Болот Джунусов и глава Федеральной Миграционной службы Константином Ромодановский подписали соглашение по которой Кыргызстанцы смогут находиться в России 30 дней без регистрации.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушунан улам, Россиянын аймагына кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынган жарандарга өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү чечими кабыл алынган. Эгер тыюу салынган мөөнөттүн жок дегенде жарымы өткөн болсо, бул шарт күчүнө кирет.

Ошондой эле Россияда миграциялык мыйзамды бузган КР жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин Россияга кирип чыгууда эч кандай жаза колдонбоо маселеси да чечилди. Мындай мөөнөт Россияга келген жарандардын өлкөгө келүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн берилүүдө.

Эркинбековдун айтымында, бүгүнкү күнү кара тизмеде 40 миңдей кыргызстандык бар.

Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга аларын Sputnik инфорграфикасында көрө аласыздар>> 

Белгилер:
Москва, Россия, Санкт-Петербург, Бакыт Эркинбеков, кара тизме, миграция

ЭҢ МААНИЛҮҮ