11:24 20 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Гугл бети. Архив

Google Translate кыргыз колдонуучуларына ыраазычылык билдирди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
16101

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовдун атына Google Translate компаниясынын Коомдук жетекчиси Аарон Бабсттан кат келди.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январынан март айына чейин кыргыз тилин сүйлөөчүлөр 200 миңден ашык фразаны, башкача айтканда 500 000 сөздү которду. Мындай маалымат Google Translate компаниясынын Коомдук жетекчиси Аарон Бабсттын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовдун атына жазган катында айтылат. 

Маалыматка ылайык, кыргыз тилин Google Translate программасына кошууга аз кадам калды. Ошентсе да, жардам керектигин белгилеген Аарон Бабст, котормого салым кошкон кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирген.

2014-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программа кабыл алынган. Ага ылайык, кыргыз жана чет тилдери боюнча компьютердик котормочу программаларды түзүү, акысыз компьютердик тесттери жана окутуу программалары түзүү каралган.

Тема боюнча

Шакиров: кыргыз тарап сунуштаган шартта биргелешкен ишкана түзүү биз үчүн пайдалуу
АКШнын Чикаго шаарында биринчи жолу кыргызча гезит чыгат
Белгилер:
Google Translate, кыргыз тили, Аарон Бабст, Эгемберди Эрматов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ