"Манас" үчилтигинин негизинде сөздүк даярдалды

Жазылуу
Сөздүктө архаизм, историзм, турмуш-тиричиликте жолугуучу сөздөргө кеңири түшүнүктөр берилген.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Көп жылдык илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында "Манас" сөздүгү" жарык көрдү. Аны КР Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун "Манас" бөлүмү тарабынан даярдалганын академиянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган сөздүк кыргыз тилинин байлыгын, түшүнүктөрдүн көп маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдейт. Сөздүктө архаизм, историзм, турмуш-тиричиликте жолугуучу сөздөргө кеңири түшүнүктөр берилген. 

"Азыр коомчулукка жеткирүү үчүн каражат издеп жатабыз. Сөздүк жарык көрсө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чоң салым кошмокчу", – дейт илимий долбоордун жетекчиси, академик Абдылдажан Акматалиев. 

Бул сөздүк көп жылдык илимий изилдөөлөрдүн натыйжасы. Сөздүк "Манас" үчилтигинин негизинде даярдалып, аны түзүүгө маркум манастаануучулар Самар Мусаев, Эсенаалы Абдылдаев, Райкул Сарыпбеков, Кеңеш Кырбашевдерден тартып бүгүнкү жаш илимий кызматкерлерге чейин катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0