Москвадагы парадга катышуу үчүн кыргызстандык 13 ардагер бүгүн кечинде учуп кетет

© Фото / Пресс-служба Генштаба ВС КРМосквадагы парадга катышуу үчүн кыргызстандык 13 ардагер даярданууда. Архив
Москвадагы парадга катышуу үчүн кыргызстандык 13 ардагер даярданууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата боло турчу Кызыл Аянттагы аскердик парадга катышуу үчүн кыргызстандык 13 ардагер шаршемби күнү кечинде жолго чыгышат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Москва шаарындагы Кызыл Аянтта 9-майда боло турчу майрамдык парадга катышуу үчүн Кыргызстандан 13 ардагер шаршемби күнү жолго чыга турганын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

Москвадагы парадга катышуу үчүн кыргызстандык 75 аскер кызматкери учуп кетти
Кызыл Аянттагы парадга катыша турган ардагерлердин тизмесин Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин ардагерлер кеңеши сунуштаган. Парадка бара турчу ардагерлердин тизмесинде М.Нургазиев, С.Сыдыков, Т.Тамашаев, А.Усубалиев, С.Сейдакматов, А.Кутмамбетов, А.Варавин, С.Эралиев, М.Бакиров, Т.Чотбаев, Ш.Шатманов, А.Мамарасулов жана К.Акунов бар. Андан тышкары ардагерлерди коштоп алардын бирден тууганы, дарыгер жана КР Коргоо министрлигинен өкүл барат.

Ар бир ардагер 13 миң сомго жакын суммадагы бирдей кийимдер менен камсыздалат.

Москва шаарына жөнөөрдүн алдында ардагерлер президент, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы Колбашчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, аларга Жеңиш майрамына карата Коргоо министрлиги тарабынан атайын чыгарылган "Жеңишке 70 жыл" юбилейлик медалы ыйгарылды. 

Москвада кыргыз делегациясын Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү жана Россиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышат.

Ардагерлер Кыргызстанга 10-майда кайтышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0