Социалдык өнүгүү министрлиги 7 литрдей кан тапшырды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДевушка во время процедуры сдачи крови. Архивное фото
Девушка во время процедуры сдачи крови. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр Кудайберген Базарбаев белгилегендей, онкологиялык жактан ооруган балдарды жана алардын үй-бүлөсүн колдоого багытталган демилгени колдобой кое алышкан жок. Министрликтен жетекчилигинде иштеген 15 киши кан тапшырган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Министр Кудайберген Базарбаев баштаган минисрликтин жетекчилиги онкологиялык оорусу бар балдар үчүн Республикалык кан борборунан кан тапшырганын мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

"Биз онкологиялык жактан ооруган балдарды жана алардын үй-бүлөсүн колдоого багытталган демилгени колдобой кое алган жокпуз. Министрликтен 15 киши 450 граммдан кан тапшырды", — деди Базарбаев.

Министрликтин маалымат катчысы Марина Гречанная дээрлик 7 литрдей кан тапшырылганын, ал оорулуу балдарга аз да болсо жардам болот деп үмүттөнүп жатканын айтты.

"Министрлик коомду гумандуулукка үгүттөгөн саясатты жүргүзүүдө. Биз ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо боюнча иш чараларды райондун, айылдын деңгээлинде да уюштуруп жатабыз," — деди Гречанная.

Аталган министрлик турмуштун кыйын сыноосуна туш келген жарандарга такай жардам берип келерин маалымат катчы кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0