Спикер Жээнбеков: Улуу Жеӊиш кандай кыйынчылыктар менен келгенин эстен чыгарбайбыз

Жазылуу
ЖК спикери Асылбек Жээнбеков Кыргызстанга "Эскерүү эстафетасы" жараянына катышуу үчүн келген КМШ ПАА делегациясы менен жолугушту.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 27-мартта РФтин Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Анатолий Лисицын баштаган КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) делегациясы менен жолугушту. Делегация Кыргызстанга Улуу Ата мекендик согуштагы Жеӊиштин 70 жылдыгына арналган "Эскерүү эстафетасы" жараянына катышуу үчүн келген. 

Делегация курамында КМШ ПАА катышуучу-мамлекеттеринин депутаттары, Санкт-Петербургдан келген ардагерлер — аскер кызматынын ардагери, Жаштар иштери боюнча ардагерлер кеӊешинин төрагасы Петр Александров, Ленинград блокадасынын катышуучусу Вячеслав Лялин, Санкт-Петербург жана Ленинград облусунда жашаган Беларусь партизандарынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы, Биринчи Беларусь фронтунун жоокери Григорий Куприященко кирген.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков жараянга катышып жатканы үчүн ардагерлерге ыраазычылык билдирди. 

"Биз бул жеӊиш кандай кыйынчылыктар менен келгенин эч качан эстен чыгарбайбыз. Биздин аталар менен энелер биргелешкен аракеттери аркылуу Жеӊиш күнүн жакындаткан. Ачык асманда жашап жаткан кыргызстандыктардын атынан ошол муундун өкүлдөрүнө зор ыраазычылык билдиргим келет. Бул – катуу кармашта боордоштукту, биримдүүлүктү, Мекенди сүйүү кандай болорун таасын көрсөтүп, кажыбас кайрат менен жеӊишке жеткен сиздердин эмгек", — деди Жээнбеков.

Анатолий Лисицын бардык КМШ өлкөлөрүнүн алдында жеӊиш жөнүндө эскерүү, ага урмат менен таазим кылуу милдети турганын белгиледи. 

"Биздин мамлекеттердин ар бири өз салымын кошкон Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгын берге белгилеп жатканыбыздын өзү өтө символикалуу көрүнүш. Биз согуш ардагерлерине таазим кылуу менен, аларга мындан дагы жакшылап кам көрүүгө милдеттүү экенибизди туюп турабыз", — деди Лисицын. 

Санкт-Петербургда жана Ленинград облусунда жашаган беларусь партизандарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, биринчи Беларусь фронтунун жоокери Куприященко баардык согуш фронтторунда салгылашкан оң миңдеген кыргызстандыктардын баатырдыгы менен эрдигин эске салды. 

"СССРдин жүздөн ашуун Баатыры менен Даңк орденинин толук кавалерлери меймандос өлкө Кыргызстандан болгон. Биз алардын жаркын элесине башыбызды ийип таазим кылабыз жана алардын каармандыгын кийинки жаштар баалагыдай мурас катары калтырабыз", — деп баса белгиледи ал. 

Жолугушуу соңунда тараптар бири-бирине эстелик белектерди тартуулашты. Ардагерлер Төрага А.Жээнбековго "Жеңиш жоокерлери" китебин тапшырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0