Спикер Жээнбеков кыргызстандыктарды Нооруз менен куттуктады

© Фото / пресс-служба ЖК КРСпикер парламента Асылбек Жээнбеков
Спикер парламента Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мекендештерин Нооруз майрамы менен куттуктады

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин атынан кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, элге молчулук, мамлекетке тынчтык каалады деп ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Спикер эзелтеден белгиленип келе жаткан Нооруздун мааниси менен тарыхы тереңдигин, ал жаңы күн, жаңы үмүт жана ынтымак менен ырашкерликтин символу экендигин белгиледи.

"Жаңырган жыл менен кошо жакшылыктар келсин деген тилек айтылат. Жараткан өзү элибизге молчулук, мамлекетибизге тынчтык ыроолосун. Улуттун уңгусун сактап, каада-салтын, нарк-насилин бийик тутуп, улуттук экономикабызды көтөрүү аркылуу өнүгүп-өскөн Кыргызстанды биргеликте куралы!", — деп айтылат төраганын куттуктоосунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0