Эксперттин пикиринде эшектин этин жегенге мыйзам тыюу салбайт

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүБыт сельских жителей. Архивное фото
Быт сельских жителей. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик санитардык эпидемилогиялык көзөмөл борборунун адиси Токтогул Базарбаевдин айтымында, мыйзам кишиге эшектин этин жегенге тыюу салган эмес, бирок, моралдык-этикалык көз караштан алганда таптакыр кубатталбайт.

БИШКЕК, 25-фев — Sputnik. "Мыйзам кишиге эшектин этин жегенге тыюу салган эмес, бирок, моралдык-этикалык көз караштан алганда таптакыр кубатталбайт", — деп билдирди Мамлекеттик санитардык эпидемилогиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы жана инфекциялык эмес илдеттер бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаев.

Анын айтымында, Кыргызстанда эч ким эшектин этин жебейт, бул боюнча мыйзамда жөндөп-түздөгөн учурлар каралган эмес. 

"Бизде башка малдын эти сыяктуу текшерүү жасаган көрсөткүчтүк текшерүү жок", — деп айтты тамак-аш боюнча адис.

Базарбаев азык-түлүккө этин колдонгон мал сойгон цехтерди жана анын сапатын ветеринария боюнча инспекция текшерет. 

"Ветеринардык тастыктамасы жок эттин бир дагы партиясы коомдук тамактануучу жайларда колдонулбашы керек. Бул шам-шум эте турган жерби же кафе, ашканабы маанилүү эмес. Бардыгы мыйзам алдында бирдей", — деп түшүндүрдү Базарбаев.

Ал жергиликтүү касаптар өндүргөн эшектин эти кыязы, чет элдиктер, тагыраагы аны жеп жүргөн кытайлыктар үчүн союлса керек. Алар үчүн бул чүйгүн тамак катары бааланат. 

"Балким бул цехтен эшектин эти коңшу Кытайга экспорттолгон чыгаар. Муну аталган аймакка жоопкер болгон ветеринардык кызматтар тактап чыгышы керек", — деп сөзүн жыйынтыктады Базарбаев. 

Буга чейин Facebook социалдык тармагында КТРКнын жана республикалык гезиттердин бири Сокулук районундагы Манас айылында эшектерди сойгон жай туурасында маалымдап, анын сүрөттөрүн жайгаштырган. Такталбаган маалыматтарда, ал эттер Бишкек шаарынын кафелерине берилип турган. Бул боюнча ички иштер министрлигинин райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери көңүл бурушкан, бирок, азырынча күч түзүмдөрүнөн расмий комментарий түшө элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0