Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 43 миңден ашык киши кант диабети менен ооруйт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАрхив: Инсулин
Архив: Инсулин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Калкка онкологиялык жактан жардам берүү жөнүндөгү" Жогорку Кеңештеги социалдык саясат боюнча комитети уюштурган парламенттик угуу болуп, анда кант диабети менен жабыркагандарга сапаттуу жана жеткиликтүү жардам берүү керектиги айтылды.

Кыргызстандагы инсулин жагдайы туурасында кайчы пикирлер жаралууда
БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Кант диабети өтө коркунучтуу жана өмүр бою инсулин алууга мажбур кылган оору. Дүйнө жүзү боюнча ар бир 6 секундда бир киши диабеттен өлсө, ар бир 2 секундда бир киши бул дартка чалдыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги социалдык саясат боюнча комитети уюштурган парламенттик угууда комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева билдирди.

Ал өз сөзүндө кант диабети майыптыкка алып келе турчу алдыңкы 3 оорунун катарында турарын белгилеп, 2014-жылдын 1-январына алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 43 миң киши бул дартка чалдыкканын кошумчалады.

"Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда бул көрсөткүч 3-4 эсе көп. Кант диабетин алдын алуу жана бейтаптарга натыйжалуу жардам берүү үчүн негизги үч кадам бар. Алар: оорунун алдын алуу аракеттери, дартты маалында аныктоо жана аны жакшы дарылоо", — деди ал.

Эл өкүлү кишилер кант диабетине чалдыкканын билбей жүрө берерин, оорусу өтүшүп кеткенде гана дарыгерлерге кайрыларын кошумчалады. Мындай көрүнүштүн ортого чыгуусуна эндокринологдордун жетишсиздиги да себеп болууда, дейт депутат.

"Азыр республикалык эндокринологиялык борбор жок. Болгону Бишкекте гана шаардык борбор калды. Андан сырткары эндокринологдор да жетишсиз. Кант диабети менен ооруган кишини маалында инсулин жана кандагы канттын деңгээлин түшүрүүчү дарыларды менен камсыздап туруш керек", — деди Ниязалиева.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Калиев да өлкөдө 42-43 миң киши кант диабети менен ооруса, учурда 12 миң киши инсулин алууга өтө муктаж, анын 300ү балдар экенин белгиледи. 

"2006-жылы кант диабети тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, кандагы канттын деңгээлин түшүрүүчү каражаттарды бекер таратуу каралган. Бирок, бүгүнкү күнү аны толук камсыздай албай келебиз. 2014-жылы бул багытка 100 миллион сом каралса, учурда анын 95 миллиону өздөштүрүлдү. 2015-жылдын бюджетине кошумча 30 миллион сом каралды", — деди ал.

Калиев учурда өлкө боюнча учурда 100дөй эндокринолог бейтаптарга кызмат көрсөтүп жатканын айтат.

Кант диабети бөйрөк ооруларына да алып келерин айткан министрдин орун басары учурда гемодиализге муктаж болгон миңден ашык киши бар экенин белгиледи.

"Кыргызстанда ар бир үч күндө гемодиализге муктаж болгон бир киши пайда болот. Гемодиализ алган кишилер 1 айда 10-11 жолу процедурадан өтөт. Ар бир процедурасы 100-140 доллардын айланасында. Бир айда 1500 долларга чейин акча кетет. Бир жылда бир кишиге бир миллион сомдун айланасында каражат жумшалат", — деди Калиев.

Мамлекет тарабынан кабыл алынган мыйзам каражат тартыш болгондуктан бардык бейтаптарды бекер дары менен камсыздай албайт. Гемодиализ алган жарандар аны өз каражатынан төлөшөт.

Маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча 390 миллионго жакын киши кант даибетинен жабыр тартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0