Осмонов Айбек Жапарович — өмүр баяны
02:16 26.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба ЦИК КРОсмонов Айбек Жапарович
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Жазылуу
Айбек Осмонов 1984-жылы 16-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында жарык дүйнөгө келген.
Билими:
- 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин "Информациялык системалар жана технологиялар" адистиги боюнча бүтүргөн;
- 2019-жылы ТИМдин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2009-2012 — "Жаңы шаар курулуш компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
- 2014-жылдары "Арек курулуш" ЖЧКнын директорунун кеңешчиси;
- 2014-2017 — "Кыргыз Каганат" ЖЧКнын директорунун кеңешчиси;
- 2018-2019 — "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун башкы директорунун кеңешчиси;
- 2019-2020-жылдары "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунда кеңешчи.
- 2021-жылы — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.