Касымова Наргиза Бахтыяровна — өмүр баяны

© Фото / из личного архива Наргизы КасымовойКандидат в депутаты ЖК от партии "Ата Мекен" Наргиза Касымова
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата Мекен Наргиза Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Жазылуу
Наргиза Касымова 1988-жылы 11-февралда Фрунзе шаарында туулган. 2010-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинде "экономика жана ишкананы башкаруу (электр энергетика)" адистигин бүткөн.
2010-2012 — КМШнын тармактык университетинде (биринчи жылы Россия эл достугу университетинде (Москва), экинчи жылы КРСУда (Бишкек) эл аралык менеджмент багыты боюнча магистратурада окуган.
Эмгек жолу:
  • 2010-2011 — "Электр станциялары" ишканасынын пландоо жана экономикалык анализ бөлүмүндө практикант, стажер;
  • 2010-2013 — Москвада Россия өкмөтүнүн алдындагы Финансы университетинде аспирант;
  • 2014, февраль-июль — "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасында II категориядагы экономист;
  • 2014-2018 — "Электр станциялары" ишканасында I категориядагы экономист, жетектөөчү экономист, стратегиялык өнүктүрүү боюнча жетектөөчү экономист;
  • 2018-2019 — "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ишканасынын корпоративдик башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси, башкаруучулуктун төрагасынын кеңешчиси;
  • 2019, июнь-июль — "Кабар" улуттук маалымат агенттигинде "Тыянак" долбоорунун алкагында Кыргызстандын энергетика маселелерине арналган берүүлөрдүн автору жана алып баруучусу;
  • 2019, июль-октябрь —"Электр станциялары" ишканасынын ички каржылык аудитору;
  • 2020-2021 — "Кыргызстандын энергетикасы боюнча кеңештер Enrgetik.el.kg" адистештирилген аналитикалык аянтчанын негиздөөчүсү, автору;
Наргиза Касымова учурда КР энергетикасын стратегиялык өнүктүрүү жана башкаруу маселелери боюнча көз карандысыз аналитик жана консультант.
Жаңылыктар түрмөгү
0