Кошбаков Кайрат Зулпукарович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфельчен адам. Иллюстативдүү сүрөт
Портфельчен адам. Иллюстативдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Кайрат Кошбаков 1986-жылдын 3-февралында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында туулган. 2010-жылы Ош мамлекеттик университетин мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун менеджери адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 2006-2009 — "Юг-Риелт" ишканасында кыймылсыз мүлк боюнча агент;
  • 2009-2010 — Trimex ЖЧКсында айдоочу-экспедитор;
  • 2011-2013 — Arabian Oryx Travel & Tourism (Дубай, БАЭ) компаниясында туристтерди тартуу боюнча менеджер;
  • 2011-2014 — Damac Proprties LLC (Дубай, БАЭ) кыймылсыз мүлк боюнча агент;
  • 2013-2015 — Greenline Marina Cargo LLC (Дубай, БАЭ) логистикалык компаниясында менеджер;
  • 2015-2020 — "Зейн-Кейджи" кадрларды тандоо агенттигинин башкы директору;
  • 2018-2019 — Nation Migration International иммиграциялык консультация борборунда агент;
  • 2020-жылдын апрель-июнь айларында — Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси;
  • 2021-жылдын 19-октябрынан тарта КР президентинин Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү.
Бир нече чет тилде сүйлөйт. Үй-бүлөлүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0