Тентишев Эркин Саткынбаевич — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТентишев Эркин Саткынбаевич
Тентишев Эркин Саткынбаевич - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалган Эркин Тентишев 1962-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында туулган. Үч жогорку билимдин ээси.
Билими:
  • 1979-1986 — Скрябин атындагы Кыргыз улуттук айыл чарба институтунда окуган;
  • 1996-2000 — Кыргызстандын Эл аралык университети;
  • 2000-2003 — Кыргыз Республикасынын дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1986-1999 — Кемин районуна караштуу Ильич атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводунун жетекчиси. Селекциялык-көзөмөл гурт фермасынын башчысынын милдетин аткаруучу.
  • 1990-1991 — башкы зоотехник, Кемин районунун "Быстровка ПЕС" айыл чарба ишканасынын директору;
  • 1993 — "Аида" туристтик фирмасынын уюштуруучусу (Бишкек шаары);
  • 1998-2001 — КРдин Пакистан Ислам Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;
  • 2001-2004 — Кыргыз Республикасынын Ислам Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башкы консулу жана жетекчиси;
  • 2004-2005 — КРдин ТИМдин алдындагы иммиграциялык фонддун директору болгон;
  • 2004 — Э.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү болуп эмгектенип келген;
  • 2021 — Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү. 
  • 2021-жыл, июль — президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Сыйлыктары:
  • "7-Апрель баатыры" медалы;
  • Чүй облусунун "Кеменгер" медалы;
  • Чүй облустук мамлекеттик админстрациясынын Ардак грамотасы;
  • Кыргыз Республикасынын премьер-министринин Ардак грамотасы.
 
Кесиптик билим берүү жана квалификациялык медициналык адистерди даярдоо жана өлкөнүн бюджетин толтуруу жаатындагы атайын кызматтары үчүн Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен 2018-жылдын 31-декабрында "Даңк" медалы менен сыйланган.
Эркин Тентишев орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөй алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0