Дүйшекеев Дастан Станбекович — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев 1987-жылы төрөлгөн, 33 жашта.

Билими:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган. Кийин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

MegaCom бренди менен таанымал "АльфаТелеком" компаниясында иштеген. Кийин коомдук тамактануу жана курулуш компанияларында эмгектенген. Жогорку Кеңештин депутатынын коомчулук менен иштешүү жаатындагы жардамчысы болгон.

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" саясий партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору болгон.

2020-жылдын 1-декабрынан тарта президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

2020-жылдын 9-августунан тарта Кыргызстандын Казакстандагы ыйгарым укуктуу элчиси. 

Жаңылыктар түрмөгү
0