Жогорку билимдүү, бир нече жогорку окуу жайларды жана коопсуздук, чалгын боюнча мектептерди аяктаган. 1952-жылы 7-октябрда Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) шаарында туулган.
Ата-энеси:
- Атасы Владимир Спиридонович Путин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. 50-жылдары вагон куруучу заводдун күзөт кызматында, кийин заводдун өндүрүшүндө иштеген.
- Энеси Мария Ивановна Шеломова ар кыл жумуштарды кылган, короо шыпырган, Ленинград блокадасын башынан өткөргөн.
Мектеби:
- 1960-1968-жылдары Владимир Путин Ленинграддагы №193 сегиз жылдык мектепте билим алат да, окуусун технологиялык институттун алдындагы химиялык багыттагы №281 атайын билим уясында улантып, аны 1970-жылы аяктаган.
Билими:
- 1970-1975 — Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган;
- 1970-жылдын башы менен 80-жылдардын аягында КГБнын Москвадагы №1 жогорку мектебин аяктаган;
- 1980-жылдары — мамлекеттик коопсуздук органына, алгач Башкармалыктын катчылыгында, андан соң контрчалгын бөлүмүнө которулуп беш айдай эмгектенген. Жарым жылдан соң ыкчам топтун курамына кирүү үчүн кайра даярдыкка жиберилген;
Эмгек жолу:
- 1981-1985 — Ленинград шаарына кайтып келип, контрчалгын бөлүгүндө иштеген. Андан кийин Москвага кетип, Юрий Андропов атындагы Кызыл Туу институтун аяктаган. Дал ушул учурдан тарта аны Германияга даярдай башташкан;
- 1983-жыл, 28-июль — стюардесса кесибинин ээси Людмила Шкребнева (кийин Путина) менен баш кошкон. Маалыматтарда алардын тааныштыгы үйлөнүү тойго чейин үч жыл мурда башталганы айтылат;
- 1985 — улуу кызы Мария Путина жарык дүйнөгө келген. Ага чоң энесинин атын ыйгарышкан;
- 1985-1990 — Германия Демократиялык Республикасына кеткен. Дрезден шаарында аймактын чалгын кызматында даярдыктан өткөн. Бул мезгилдери подполковник аскердик чинин алган. Өзү кызмат кылган бөлүмдүн начальнигинин улук жардамчысы болуп иштеген.
- 1986 — кичүү кызы Катерина Путина жарык дүйнөгө келген. Ага таенесинин атын беришкен;
- 1989 — "ГДРдин улуттук армиясына сиңирген эмгеги үчүн" коло медалы менен сыйланган;
- 1990 — январда СССРге Германиядан кайтып келип, Ленинград мамлекетик университетинин ректоруна эл аралык маселелер боюнча жардамчы болуп иштеген;
- Көп өтпөй эле Ленинград шаардык кеңешинин төрагасы Анатолий Собчактын (ал киши 1991-1996-жылдары Санкт-Петербургдун мэри болгон) кеңешчиси болуп дайындалган;
- 1991 — Санкт-Петербург мэриясынын сырткы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы;
- 1994 — Санкт-Петербург өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары. Ал муниципалдык кызматка өткөндөн кийин СССРдин КГБ органынан бошонуу боюнча рапорт берген;
- 1996 — үй-бүлөсү менен Москвага көчүп барат. Россия Федерациясынын президентинин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары. Ушул мезгилден, ушул шаардан анын саясий карьерасы тездик менен өнүгө баштайт;
- 1997-жыл, март — Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары, Россия Федерациясынын президентинин көзөмөл башкармалыгынын орун басары;
- 1997 — Санкт-Петербург мамлекеттик тоо-кен институтунда экономика боюнча кандидаттыгын жактайт;
- 1998 — Россия Федерациясынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
- 1998-жыл, июль — Россиянын Федералдык кызматынын директору;
- 1999-жыл, март — Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- 1999-жыл, август — Россия Федерациясынын өкмөтүнүн жетекчиси. Бул маанилүү кызматты ага Россиянын ошол кездеги президенти Борис Ельцин сунуштаган. Ал эми 2000-жылдын алдында Ельцин ага Россиянын президентинин милдетин аткарып турууну сунуш кылган;
- 1999-жыл, 31-декабрь — Россиянын президентинин милдетин аткаруучу;
- 2000-жыл, 26-март — Россиянын президенти;
- 2004-жыл, 14-март — Россиянын экинчи ирет президенти;
- 2008-жыл, 8-май — Россия өкмөтүнүн жетекчиси – премьер-министр;
- 2012-жыл, 4-март — Россиянын президенти;
- 2013-жыл, 6-июнь — Кремлдеги мамлекеттик сарайдагы спектакль боюнча пикирин билдирип жатып, жубайлар — Владимир жана Людмила Путиндер ажырашкандыгын айтышкан.
- 2018-жыл, 18-март — Россиянын президенти.
Кызыкканы:
Лыжа тепкенди, хоккей ойногонду жана балык уулаганды жакшы көрөт.
Дзюдо жана самбо боюнча спорттун чебери. Каратэ боюнча кара курдун ээси.
Маалыматтар http://putin.kremlin.ru сайтынан жана ачык маалымат булактарынан алынды.
Виджет news