15:06 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Абдыкалык Рустамов. Архив

Рустамов Абдыкалык Алибаевич — өмүр баяны

© Фото / Пресс-служба ГАООС и ЛХ
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
486 0 0

Абдыкалык Рустамов 1964-жылы 19-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылында туулган.

Билими:

1992-жылы Москвадагы Климент Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын аяктап, агроном кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

1996-1999 — "Улан" жамааттык чарбасында агроном;

1999-2003 — "Нурбек" жамааттык чарбасынын жетекчисинин орун басары;

2005-2006 — Чүй облустук Өсүмдүктөрдү жана айбанаттарды коргоону мамлекеттик көзөмөлдөө башкармалыгында инспектор;

2006-2009 — КРдин өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде инспектор;

2010-2016 — КРдин өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

2016 — КРдин өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Белгилер:
Абдыкалык Рустамов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, директор, биография, өмүр баян

ЭҢ МААНИЛҮҮ