Жусубалиев Азимкан Ильясович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог КРЖусубалиев Азимкан Ильясович
Жусубалиев Азимкан Ильясович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азимкан Жусубалиевдин өмүр таржымалы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Азимкан Жусубалиев 1965-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 1987-жылы Фрунзе политехникалык институтун "Автомобиль транспортун эксплуатациялоо инженери" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

— 1988-1991 — Кыргыз ССРинин Транспорт жана шосселик жолдор министрлигинин Кызыл-Кыядагы жүк автобазасынын бөлүм башчысы;

— 1991-1991 — Кызыл-Кыя шаардык аткаруу комитетинин уюштуруу топ бѳлүмүнүн инспектору;

— 1991-2003 — КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аскердик автоколоннасында башкы инженер;

— 2003-2004 — КРдин Жаратылыш жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин техникалык-ѳндүрүштүк башкармалыгынын  жетектѳѳчү адиси; 

— 2004-2006 — КРдин экономиканы ѳнүктүрүү, ѳндүрүш жана соода министрлигинин Ош шаардык бѳлүмүнүн башчысынын орун басары; 

— 2006-2006 — КРдин каржы, экономика министрлигинин Ош шаардык бѳлүмүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы; 

— 2006-2008 — Ош шаардык мэриясынын Каржы жана экономика бѳлүмүнүн  башчысы;

— 2008-2009 — КРдин өкмѳт аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык мониторинг бѳлүмүнүн инспектору; 

— 2010-2012 — КР президентинин администрациясында бир нече кызматтарды аркалаган; 

— 2012-2016 — КР өкмѳтүнүн аппаратынын мамлекеттик  башкаруу жана кадр кызматы  бѳлүм башчысы; 

— 2016-жылдан ушул тапка чейин Транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары.

Жаңылыктар түрмөгү
0