Атабеков Мирбек Бообекович — өмүр баяны

Жазылуу
Мирбек Атабеков 1986-жылы 11-августта Талас облусунун Талас районунун Жон-Арык айылында туулган.

Үй-бүлөсү:

Атасы Бообек комузда, пианинодо кол ойнотуп, обон созгон чыгармачыл адам болгон. Ал Мирбек эки жашка чыгып калганда жол кырсыгынан каза тапкан. Мирбектин өзүнөн кийин карындашы жана иниси бар.

2014-жылы сүйүктүүсү Мээрим Толепбергенге баш кошкон, учурда жубайлар бир уул, бир кыздын ата-энеси.

Билими жогору. Бишкектеги №67 гимназияны бүтүргөндөн кийин, Улуттук университеттин экономика факультетинен билим алган.

Чыгармачылыгы:

9-классынан баштап кафе-ресторандарда ырдай баштаган. Ошол жылдары коомдук канал уюштурган "Поющий город" долбооруна катышып, финалга өткөн.

2004-жылы чоң чахнага кадам таштап, "Санат" тобунун курамында "Жүзүң" аттуу ырды аткарган. Бул топто Ильяз Абдразаков, Азиз Жетигенов деген ырчылар болгон;

2006-жылдан ушул күнгө чейин продюсер Канат Култаев менен иштешип келет;

2014 — Комедиялык жанрдагы "Талисман" тасмасына тартылган;

2010 — "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алган;

2016 — "КРдин Эмгек сиңирген артисти" наамынын ээси;

2018 — Жеке продюсерлик борборун ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0